Айыл турмушу: Таластык М.Сатыбалдиев уулдары менен кыш чыгарып сатып ишкерлик кылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 3903
 
Опубликовано 13 Августа 2019, 12:19

Талас районунун Көк-Кашат айылынын 55 жаштагы тургуну Майрамбек Сатыбалдиев ойлоп тапкан аппараты менен күнүнө 800гө жакын кыш чыгарууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти бүткөндөн кийин эле айылдагы клубда музыкант болуп бир топ жыл иштеген. Кийин жумушун жыйыштырып, жер алып дыйканчылык менен алектенип калган.

«Башында өзүбүзгө ата-энеме үй салууга кыш куйганбыз. Анан кошуналар «кыш куюп берсең» деп буйрутма берип жатышты. Ошентип көп буйрутма келип, жасай баштадык. Ылай көтөрүп иштегенде ден соолугуң кетет. Анан бул ишибизди өзүбүзгө жеңилдетип алыш үчүн 2 жыл мурун пескоблоктой кылып төө кыш деп аталган кыштарды куйган аппарат жасаганбыз. Күнүнө 250 кыш чыгарып жаттык. Элден суроо-талап күчөгөндө жетишпей жаттык. Быйыл болсо күнүнө 800 төө кыш чыгара тургандай кылып ойлонуштуруп аппарат жасадык.

Бизге атайын бирөөлөр топурак түшүрүп беришет. Аны суу менен ачытабыз. Суу бир аз сиңген соң, эксковатор менен аралаштырат да, аны «КамАЗга» жүктөйт. «МАЗ» деген чоң унаада атайын ылай агып кете турган жер бар. Андан ылай атайы төө кыштын идиштерине агып түшөт. Ар бир идишинде 25тен калып болот. Учурда 800 жүз идиштен 800 жүз төө кыш чыгып жатат. Дагы 200 жүз идиш жасап жатабыз. Буйруса күнүнө 1 миңден чыга баштайт. Кыштар 2 сутка ичинде кургайт. Эл ордунан эле ташып кетип жатышат. 1 кыштын баасы 14 сомдон болуп жатат. Жылдык кирешени эсептеген деле жокпуз. Бирок уулдарымдын өз оокаттарына жетип жатат», - деди ал.

Ишкер жубайы Бегимжан Сатыбалдиева экөө 6 уул, 1 кыз, ата-энеси. 2 уулу окуйт. Бир баласы Египитте билим алып жатат. 4 уулу өзүнө кошулуп иштеп жатышат.