Кадамжайда узундугу 7300 метр канал курулууда

turmush
Скачать
Просмотров: 218
 
Опубликовано 13 Августа 2019, 10:57

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылында узундугу 7300 метр канал курулууда. Бул тууралуу аким Алгынбай Торалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган каналдын курулушунун алкагында салынып жаткан 540 метрлик туннелдин курулушу 70% аяктады. Туннельден кийин дагы 800 метр ачык канал, андан соң дагы 150 метр туннель менен улантылат. Эгерде бул канал толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилсе 1000 гектарга жакын жер өздөштүрүлөт.

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгын башчысы Уматилла Акматовдун айтымында, 1,2 куб суу келе турган каналдын курулушу «Молдо Нияз» суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 538 метр туннель жана 300 метр каналдын курулушу аяктап калды. Долбоордун сметалык баасы 176 млн 400 миң сом.