40 жылдан бери медицина тармагында эмгектенген Гүлбара Полотова Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 68 жаштагы тургуну. «2017-жылдын мыкты дарыгери», «Саламаттыкты сактоонун отличниги», «Ардактуу умай эне» төш белгилеринин ээси райондук оорукананын гинекология бөлүмүнүн башчысы. Ал 1951-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында төрөлгөн. Анын жашоосу, медицина тармагындагы эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.