«1 литр жарма 100 сом»: Баткендеги пенсионер Карамат апанын айылдагы бизнеси. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 1481
 
Опубликовано 13 Июля 2019, 15:54

Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну Карамат Закирова жашы алтымыштан ашканына карабай ишкердик кылып киреше табууда . Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында,
«Өткөн жылы ушул өзүбүздүн Кара-Булак айылынын чет жагындагы жерди ижарага алып, эс алуучу жайга айлантканбыз. Азыр эл келип эс алып кетишет. Аларга дагы да жакшы шарт түзүп. жарма жасап сатып жатам. Чынында бул пайдалуу, анан чңкаганда суусаганыңды кандырат. Мен жарманы жаш кезимде апамдар жасаганын көрүп үйрөнгөм. Мында буудайды тегирменден өткөрүүдө ундай майда ундай кылбайт, ирик болот. Анан 1 кг жеткирбей казанга кууруп анан 2-3 чака суу куябыз. Анан аны аралаштырып 2-3 литр айранды аралаштырып коёбуз. Жарма 1 күндө даяр болот. Күндө жасаган жармамды күн сайын кардарлар алып кетишет. 1 литрин 100 сомдон сатып киреше таап жатам.

Негизи пенсиядамын деп балдардын колун карап отуруш керек эмес. Жашап жатасыңбы күрөшүш керек. Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. Пенсияга чыкканча билим берүү тармагында эмгектендим. Азыр күйөөм менен ишкердик кылып жатабыз», - деди ал.