Жаш талант: 15 жаштагы Шералы устачылык менен алектенип, спортко да аралашууда

turmush
Скачать
Просмотров: 99
 
Опубликовано 12 Июля 2019, 11:16

Талас районуна караштуу Арашан айылынын 15 жаштагы тургуну Кубаналы уулу Шералы айыл жумушун жеңилдеткен техникалардын макеттерин жасап жатат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 8-классты аяктады.

«Мен бир нерсе жасап, тегерегимдеги адамдарды кубандыргым келет. Негизи эле пайдам тийсе дейм. Картон кагаздардан, желим бөтөлкөдөн техниканын макетин жасайм. Жасагандан кийин кайра бузуп же башкаларга берип коём. Акыркы жолу жүк көтөргөн кран менен учак жасагам.
Атам дагы устачылык менен алектенет. Атамдан көптөгөн жабдыктар менен иштөөнү үйрөнгөм. Кандай иш менен алек болсом дагы ата-энем тыйып койбостон колдоо көрсөтүп келишет. Бир нерсе жасардан мурда керектелүүчү каражаттарын ата-энеме айтып алдырам.
Айыл жергесинде эл техниканын бардык түрүнө муктаж. Бизге окшогон кишилер роботторду жасап жатышат. Биз эмнеге алардай болуп туруп, алардын жасаганындай жасай албайбыз деп калам. Айыл элинин жумуштарын жеңилдетким келет. Жаштар техниканын тилин жакшы түшүнүшөт. Кара күч колдонуп кыйналышпаса дейм.

Көргөзмөлөргө катыша элекмин. Алдыда крандын чоңурагын бир адам отуруп айдай турганын жасайм деп камданып жатат. Кран көп жумуштарды аткарат. Ширетүү жумуштарын өздөштүрө элекмин. ошондуктан атам жардашат. Буларды жасоодо физика жана математика сабактары керек. Мен мектептен жакшы окууга аракет жасайм. Себеби турмушка керек. Арнагүл апам кеңешчим, иштериме баа берип турат. Буга чейин унааларды жасагам. Ага ток кошуп, пульт менен башкара турган кылгам. Идеяларды интернеттен дагы алам», - деди ал.
Каарманыбыз мындан тышкары 1 жылдан бери эрежесиз эр таймаш менен машыгат.
«Таласка барып келип машыгып турам. Апрель айында Казакстанга барып келдим.
Азыркы машыктыруучум Алик Алиев.

Спортко аралашуума атам түрткү болгон. Облустар аралык мелдештерге катышып турам. Күнүгө 2 саат машыгам. Агайлар жүрүм-түрүм этикаларын дагы үйрөтөт», - деди ал.

Жаш уста үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Келечекте архитектор болууну көздөп жатат.