Баткенде тактала элек чек арада тажик тарап жол оңдоп, эки тарап макулдашууга келе албай жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 852
 
Опубликовано 19 Июня 2019, 10:33

Бүгүн, 19-июнда Баткен облусунун жетекчилиги тажик тараптын облус жетекчилиги менен жолугуп, жол оңдоо маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, 17-июнда Баткендин Таш-Тумшук айылында эки тараптын акимдери жол оңдоо маселеси боюнча жолугушуу уюштуруп, бир чечимге келе алышкан эмес. Андыктан 19-июнь күнү облус жетекчилеринин орун басарларынын катышуусунда кайрадан жолугушуу өткөрүү макулдашылган. Бирок ошого карабастан кечээ, 18-июнда тажик тарап айылдын Төрт-Көчө аймагында жол оңдоо иштерин баштаган. Андан кийин саат 20:00 чамасында Таш-Тумшук айылында барып, тактала элек аймакты асфальтоону баштаган. Кыргыз тараптын чек арачылары менен милициясы жумушту токтотууну талап кылганда тажик жарандары аларга карата күч колдонуп, жумушту улантышкан. Азыркы учурда тажик тарап 120-130 метр жолго асфальт төшөдү. Анын ичинен 60-65 метр кыргыз тарапта болду.

Аталган аймактагы чек араны эки тараптын чек арачылары куралсыз кайтарышат. Себеби Таш-Тумшук айылы тажик айылы менен шахмат системасы менен жайгашып калган. Чоң афальт жолду эки тарап колдонушат. Бирок кечээ тажик жарандары тарабынан Таш-Тумшук—Көк-Таш жолу асфальт төшөлгөн убакта саат 20:00дон 21:00го чейин эч кандай макулдашуусуз жабылып турду.
Бүгүнкү жолугушууга облус жетекчисинин орун басары, УКМКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, аким, чек арачылар катышат.

Баткендин Орто-Боз, Таш-Тумшук айылдары Тажикстандын Исфара районунун Хожало айылы менен чектешет.