Таласта чоңойгон Марина Вольф Германияда турмушка чыгып, тоюнда кыргыз бийин бийледи

turmush
Скачать
Просмотров: 9817
 
Опубликовано 18 Июня 2019, 15:37

Талас шаарында чонойгон 27 жаштагы Марина Вольф 15-июнд германиялык жигитке турмушка чыгып, тоюнда кыргыз бийин бийледи. Turmush басылмасы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен 8 жыл мурун таанышкан.

«2009-жылы Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясын аяктап, Талас мамлекеттик университетинин орус тили жана орус адабияты бөлүмүнө тапшыргам. 2014-жылы окуумду аяктаган соң Германияга окууга тапшырып, педогогикалык жогорку билим алдым. Ал кезде бир немис үй-бүлөдө бала багып иштечүмүн. Жолдошум менен ошондо таанышканбыз. Сүйлөшүп жүрүп быйыл үйлөндүк, аты Ёрн Цборовски. Тойго өзгөчөлүк киргизип, кыргыздын каада-салтынан бир үзүм көрсөткүбүз келди. Жолдошум сунушумду колдоду. Анан тойдо кыргыз бийин бийлемек болдук. Мен кыргыз бийиндеги кыймылдарды, кыргыз музыкасын жакшы көрөм. Аны мектептеги кезимде үйрөнгөм. Ал бийди бийлеп көп сынактарга катышчубуз. Жанымда бийлеген Алёна Стеценко, Марина Мазер жана Юлия Вольф аттуу кыздар дагы Таласта чоңоюшкан. Тоюбуз абдан кызыктуу өттү», - деди ал.

Жаш жубайлар Учурда Германиянын Вупперталь шаарында жашап жатышат.

«Жакындарыңдан алыс жашаган кыйын. Азыр Германиянын Вупперталь шаарында жашайбыз. Германиянын менталитети, маданияты такыр айырмаланып турат. Германия кооз өлкө, инфраструктура, медицина, технология өнүккөн. Бул жакта жашоомду пландаганды үйрөндүм. Мага бул жакта жашоо жагат. Бирок Талас өзүнө тарта берет (күлүп). Таласты сагынгам, такай сагына берем. Ал жакта ата-энем, туугандарым, досторум жашайт. Таза аба, кооз табият, адамдар боорукер, меймандос. Жолдошум дагы Кыргызстанды аябай жакшы көрөт. Дайыма биздин адамдар боорукер, меймандос экендигин айтат. Кыргыздын улуттук тамактарын, айрыкча мантыны жакшы көрөт. Сүйлөшүп жүргөнүбүздө эле жолдошумдун камкордугу, көңүлүмдү караганы үчүн көнүп кеттим. Жолдошум экөөбүз жылына 1 жолу үйгө барганга аракет кылабыз», - деди Марина айым.