А.Имаров Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

turmush
Скачать
Просмотров: 5250
 
Опубликовано 18 Июня 2019, 12:48

Имаров Алгынбай Торалиевич бүгүн, 18-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, аны активдерге Баткендеги облусунун жетекчилигинин орун басары Жылдызбек Исакулов тааныштырды. Ал жаңы акимдин кызматтын дайындалышы боюнча өкмөттүн тиешелүү буйругун окуп берди.

«Мен Кадамжай районунун экономика, айыл чарба багытын көтөрүп, калкты жумуш менен камсыздоо, ошондой эле такталбаган чек ара маселелерин чечишүүгө аракеттерди көрөм», - деди жаңы аким.