Жерүй кениндеги фабрика алдыңкы технологиялар менен курулуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 452
 
Опубликовано 14 Июня 2019, 11:01

Талас облусундагы Жерүй кениндеги алтын бөлүп алуучу фабриканын курулушу кызуу жүрүп жатат.

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, фабриканын комплексинде 15тен ашык курулуш бар жана алардын катарында ар кандай складдар, металлды ээритүүчү, калдыктарды сактоочу, суу бөлүштүрүүчү жайлар, насостук станциялар, электр менен камсыздоочу станциялар, көзөмөл-өткөрмө пункттар салынып жатат. Башкы ортомчу (подрядчик) катары «ТОО ААЕngineering Group» курулуш ишканасын иш алып барууда. Процесске «Баден Сервис», «Электросила», «Мехколонна КЭСС» ЖЧКлары да катышып жатат. Курулуштарда алтындан ашык ишканалар иштеп жатат. Жумушчулардын 95% Кыргызстандын жарандары. Алардын ичинен 44% Талас облусунун өкүлдөрү болуп саналат. Иштер үчүн 63 даана курулуш техникалары тартылган.
Галерея: Жерүй кениндеги фабрика алдыңкы технологиялар менен курулуп жатат

Ошондой эле курулуштарда айлана-чөйрөнү коргоого көп көңүл бурулуп жатат. Атайын уюм менен мурда колдонулган желим баштык, желим бөтөлкө, иштетилген май, темир, отун калдыктарын, кагаздарды, эски дөңгөлөктөрдү өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Жер кыртышы күйүүчү-майлоочу майлар менен булганбайт. Кыртышка зыяндуу заттар төгүлбөйт. Пайда болгон катуу калдыктар келишим түзүлгөн уюмга өткөрүлүп берилгенге чейин атайын убактылуу сактоочу жайда сакталат.

Курулуштун жүрүшүн Кыргызстандагы ушул сыяктуу объекттердин курулуштарында иштеп тажрыйбалуу болгон жогорку квалификациялуу адистерден турган топ көзөмөлдөйт. Курулуш иштери Талас облустук мамлекеттик архитектура жана башка түзүмдөр менен бекитилген долбоордук документацияга ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоордук документация экологиялык экспертизадан, өндүрүштүк коопсуздук экспертизасынан, өрткө каршы күрөшүү экспертизасынан жана Мамкурулуштун экспертизасынан өткөн. Комплекстин курулушунун бюджети 272,9 млн долларды түзөт. Инвестициялардын жалпы көлөмү 596,3 млн доллар.

12-июнь күнү Жерүйгө жакын аймакта жайгашкан Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында абаны жана суунун тазалыгына Чүй экологиялык лабараториясынан мониторинг жасашты. Бул алынган абанын жана суунун анализдери башка дагы 8 лабараторияга жөнөтүлөт. Жыйынтыгы Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине тапшырылат. Кенге 2 км жакындыкта жайгашкан айылдарда абанын, суунун абалын текшерүү иштери 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жылына 4 жолу ар бир 3 айда бир жолу текшерилет. Чүй экологиялык лабараториясынан кызматкери Елена Журавлева бул нерсе аймактагы кен казуу иштери башталганда өзгөрүүлөр болсо тезинен байкоого мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын белгиледи.

«Негизинен бул алынган үлгүлөрдүн изилдөөсүн биздин гана эмес дагы башка көз карандасыз 5 лабораториянын адистери изилдөөгө алып, анан баардык изилдөөлөр топтолгондон кийин бир корутунду чыгарылат. Алынган абанын, суунун курамын толук изилдеп чыгууга 1 жумага жакын убакыт кетет. Буга чейинки болгон изилдөөлөрдөн мезгил алмашуу учурунда гана болгон бир аз өзгөрүүлөрдү байкабасак, азырынча суунун жана абанын курамында кооптондуруучу өзгөрүүлөр байкалган эмес», - деди ал.

Кенди иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкуловдун айтымында, эл арасында жакынкы эл жашаган аймактарда чаңдын көтөрүлүшү, Бала-Чычкан жана Чоң-Чычкан өзөндөрүндө суунун булганышы боюнча ар кандай ушак кептер жүрүп жатат. Андыктан журналисттерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө курулуш иштерин тааныштырып, калдыктар кайда чыгат, кантип сакталат, санитардык нормалар кандай болуп жаткандыгын тааныштырышты.

Компаниянын башкы технологу Нурлан Мамырбаев калдык сактагыч жайдын курулушу менен тааныштырып, кендин иши экологиялык коопсуздук үчүн жаңы технологиялар менен жабдылып жатканын билдирди.

«Албетте билбеген көн түшүнбөгөн нерселер ар дайым ар бирибизде эле коркунуч кооптонууларды жаратат. Ошондуктан жергиликтүү калктын коркунучтарын таптакыр негизсиз деп айтууга болбойт. Баса белгилей кетчү нерсе бул завод жана калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздук чаралары европалык жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык эң жогорку деңгээлде иштелип чыккан. Алтынды иштеп чыгарууда колдонулган цианид боюнча айтсак, ал ачык абада өз касиеттерин өтө тез жоготуучу биологиялык курам болуп эсептелинет. Андыктан цианид аралашкан топурак же суудан адамга зыян келтирүүчү даражага жетүү өтө кыйын же мүмкүн эмес деп толук айтууга болот», - деди ал.