Мекендештер: Түштүк Кореяда иштеген Аслан Ибраев

turmush
Скачать
Просмотров: 1092
 
Опубликовано 13 Июня 2019, 17:20

Ысык-көл облусунун Ысык-көл районунун Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну Аслан Ибраев Түштүк Кореянын Намьянг шаарында иштеп жатат.

Анын бул жерде жүргөнүнө 3,5 жылдын жүзү болду.

«2015-жылы К.Тыныстанов орто мектебин бүткөндөн кийин Кореяга бир тааныш байке чакырып калды. «Бирок кандай болот белгисиз, виза ачып кой» деди. «Ачылып калса келе бересиң» дегенинен визага документ тапшырып койдум. Кайсы окуу жайга тапшырсам деген ойлор келип жаткан маалда Кореядан виза ачылды деп кабар келип, 2015-жылы эле учуп кеттим.

Кореяга келгенден кийин аябай кыйын болду. Анткени, биринчиден тамак-ашы аябай ачуу, нан, этти аз жешет экен. 1-2 ай кыйналдым. Бир байке менен таанышып калып, аны менен 2 күн шаарда күрүч заводдо иштедим. Ал жерден 2 күндүк акчаны алып кете бердик. Жумуш аз болуп жатат балыкка иште деп калды. Айла жок балыкка иштедим. Жол киремди дагы акташ керек эле. Аябай оор жумуш экен, андан дагы чыгып кеттим. Кайра башка чоң күрүч заводго кирдим. Намьянг деген шаардагы завод.

Заводго келгенде 1,5 жыл оор жүк ташуучу унаалар менен иштедик, күрүч ташыдык. Кийин тилди өздөштүрүп, көнүп калгандан кийин ушул эле заводдо жакшы орунга отурдум. Учурда заводду мен карайм. Завод чоң, күнүгө 30-40 тонна күрүч чыгат. Сезон убагында 80-90 тоннага чейин чыгарабыз. Башында 4 адам иштечүбүз, заводду мен карап калгандан бери 2 адамга азайып, 2 адам иштеп калдык. Баарына жетишип жатабыз. Себеби, роботтор иштейт. Бир жылда 100 000 тонна күрүч чыгарыбыз. Заводдун ичиндеги 90% жумушту мен кылам. Эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 18:00гө чейин иштейбиз