Баткен районунун Кара-Токой айылындагы Буркан Мергенов атындагы мектебинин эскилиги жетип, бир корпусу иштен чыккандыктан окуучулар 3 мөөнөт менен окууга аргасыз. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Галерея: Баткендин Кара-Токой айылындагы мектептин курулушу 3 жылдан бери токтоп турат
Мектептин мугалими Канат Дыйкановдун айтымында, маселени чечүү үчүн айылга мындан 3 жыл мурда 250 орундуу мектептин курулушу башталган. Бирок бүгүн күнгө чейин акча бөлүнбөй мектептин 30% гана бүткөн. Окуучулар келерки окуу жылына жаңы мектептин бүтүшүн күтүп отурушат. Айрым класстарда 1 партада 3төн окуучу отурат.
«Бул мектеп 150 орунга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык окуучу болгондуктан 3 мөөнөт менен окутуп жатабыз. Мындай көрүнүш баланын эркин билим алуусуна тоскоолдук болот экен», - деди ал.
Суу-Башы айыл аймагынын башчысы Кудайберген Козуевдин айтымында, жаңы мектептин курулушу каражаттын жоктугунан токтоп турат.
«Акча жоктугунан мектеп токтоп турат. 46 млн сом каралган болсо азыр 16 млн сом иштетилген. Калган бөлүшү каралбагандыктан жумуш токтоп турат. Каржы министрлигине кайрылдык. Жогорку Кеңештин депутаттарына да айттык. Жылда кат беребиз», - деди Козуев.
Аталган мектеп менен кошо салына баштаган кошуна Апкан, Бөжөй жана Кара-Булак айылдарындагы мектептердин курулушу буга чейин эле бүтүп, колдонууга берилген. Кара-Токой айылы Өзбекстан менен чектешет.