"Астыбыз грыжа болуп калдык" Кара-Бүргөндүк дыйкандар 300 га аянтка сугат суусу жетпей жатканына нааразы.

turmush
Скачать
Просмотров: 557
 
Опубликовано 10 Июня 2019, 17:52

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын дыйкандары 300 гектар тоют өсүмдүгү айдалган аянтка сугат бир тамчы сугат суусу жетпей жатканына нааразы болушууда. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдын түштүк тарабындагы Тай-Сарай, Чоң-Көк-Колот жана Кичи-Көк-Колот чөлкөмүндө жергиликтүү дыйкандарга тиешелүү 300 гектар аянт бар. 300 гектар аянт 40 түтүн дыйканга үлүшүнө тийген. Бул аянтка Жаман-Даван дарыясынан сугат суусу салынат.
"Апрель, май, июнь болду. Бир тамчы суу көрө элекбиз. Бул жердегилер мал чарбасы менен алектенебиз. Ал эми малга тоют камдашыбыз керек да. Сугат суусу жетпесе тоют өсүмдүгүбүздү кантип өстүрөбүз? Чоңдорго айтып эле жатабыз. Бизди эч ким карабайт. Кантип жатасыңар, эмне кылып жатасыңар эч бир көңүл бурган жок. Жаман-Даван дарыясынан арык аркылуу суу алабыз. Техникабыз жок. Сууну арыкка колдун күчү менен араң салабыз. Астыбыз грыжа болуп калдык", - деди дыйкандардын бири.
Ал эми 9 гектар аянты бар Ташыбек Максүтов дыйкан чарба эмес чыйкан чарба болуп калгандыгын айтат.
"Бул убакыт болду. Бир тамчы суу көргөн жокбуз. Кантип мал багабыз, кыштан кантип чыгабыз? Чоңдор келип бир көрүп кетишсе болот эле. Минтип тоют чөбүм өспөй эле баш алып, аянтым кургап калды. Жашайбызбы же жашабайбызбы? Бирөөсү жыргап жүрөт, бирөөсү минтип ыйлап жүрөт. Бирөөлөр ичкенге суу таппай жүрсө, бирөөсү сууну кечип өтүүгө кечүү таппай жүрөт. Жаман-Даван суусунун башынан Ак-Чийге суу бурулуп берилет. Бизге жетпей жатат", - деди ал.