Казарманда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан Ч. Айтматов атындагы класстык бөлмө ачылды.

turmush
Скачать
Просмотров: 1607
 
Опубликовано 25 Мая 2019, 20:38

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман шаарчасындагы Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин бир бөлмөсүн 20 жылдык бүтүрүүчүлөр оңдоодон өткөрүп беришкендигин журналист Айнура Касымова билдирди.
Маалым болгондой, 25-май күнү Асан Абдраимов атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты белгиленип, салтанатка мектепти 1999-жылы бүтүргөн 1982-жылкы окуучулар 20 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүштү. Анда, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектептен Чынгыз Айтматовдой дүйнөгө таанылган белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмерлер чыксын деген максатта, жакшы ниет, тилек менее кыргыз тил класстык бөлмөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүп, бөлмөгө керектүү бардык эмеректерин, парта-столдорун жаңы сатып беришти. "Ч. Айтматов" атындагы класстын ачкычын мектептин директоруна тапшырып беришти. Мындай иш-чара биринчи ирет болуп жаткандыктан, мектептин жалпы жамааты, окуучулар жана ата-энелер үчүн кубаныч менен кабыл алышты. Буга жалпы 450 миң сом каражат сарпталганы маалым болду.
Бул демилгени көтөргөн 20 жылдыктын уюштуруучусу, демөөрчүсү, аталган мектепти "Алтын медаль" менен окуп бүтүргөн Мелис Эстебесов төмөндөгүлөргө токтолду;
"20 жылдан кийин өзүбүз учуп кеткен алтын уябызга келип, мектепке кичинекей болсо да салым кошконго аракет кылдык. Мындай иштер муну менен токтоп калбайт. Кийинки жылы да жакшы пландарды коюп, мектепке жардам беребиз деген ниетибиз бар", - деди уюштуруучу М. Эстебесов.