Жаш талант: Таластык жаачы кыз Б.Мамбеталиев Сауд Арабиядагы фестивалга чейин барып келди

turmush
Скачать
Просмотров: 1443
 
Опубликовано 23 Мая 2019, 16:54

Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Бегайым Мамбеталиева жаа атуу менен алектенүүдө. Андан аймактык кабарчы кабар алды.
Өзүнүн айтымында, учурда Талас шаардык агрардык экономикалык техникумунда 3-курста окуйт.
«Жаа атууга мурун эле кызыкчумун. Бул жактан жаштар үчүн долбоор иштеп баштады. Мен ошол долбоорго катышып калдым. 2018-жылдын октябрь айынан баштап жаа атууну өздөштүрө баштагам. Бизди Нурадил уулу Ынтымак үйрөтүүдө. Бул спорттун жакшы жагы аял-эркек, улуу-кичуу деген түшүнүк жок. Башында жаңы катышып жатканда колдорум катуу ооруп, көп көгөрдү. Түндө колдорумду карап алып ыйлаган күндөр болду. Үйдөгүлөр аны көрүп ташта деп жатышты. Башында апам жактан колдоо аз болчу. Кийин ийгиликтеримди көрүп сүйүнүп калды.
2018-жылдын күз айларында жаңы машыгып баштагандардын арасында мелдеш өттү. Ал учурда менин машыкканыма 1 жума эле болгон. Ага карабай мелдеште 1-орунду алгам. Студенттер арасында мелдештен 3-орунду алдым. Сауд Арабияга жаа атуу боюнча барып келдим. Ал жакта орун алууга мүмкүн болбой калды. Ал жактан келген соң Чолпон-Атада 9-май майрамына арналган спорттук иш-чарада 3-орунду алып келдим», - деди ал.
Жаачы кыз келечекте жаа атуу боюнча дүйнөлүк мелдештерге катышууну кыялданат. Үй-бүлөдө 5 бир тууган.