Аймактык тескөөчүсү Нуркыз Атамкулова

turmush
Скачать
Просмотров: 3004
 
Опубликовано 22 Мая 2019, 10:34

34 жаштагы милициянын капитаны, Москва РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү Нуркыз Атамкулова Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Анын ички ииштер бөлүмүндөгү ишмердүүлүгү, зергер буюмдарды жасап, фиалка гүлүнүн 15тен ашуун түрүн өстүргөн жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуркыз Атамкулова 1985-жылдын 17-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Турмуш шартка байланыштуу 3 айынан баштап Жайыл районунун Моңолдор айылындагы таятасы Иманкул менен таенеси Калиянын колунда өстү, тарбияланды, жетилди.