Ноокат районунун окуучулары республикалык аскердик прикладдык спартакиадада 1-орунду алышты

newsnews
Скачать
Просмотров: 628
 
Опубликовано 3 Мая 2019, 09:47

Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы (мурдагы Суворовчулар аскердик мектеби) аскердик лицейдин базасында 27-апрелде КРнын Коргоо жана Билим берүү министрликтеринин биргелешкен иш-чарасына ылайык мектеп окуучуларынын арасындагы аскерге чейинки даярдоо боюнча 7-Республикалык спартакиада болуп өттү.
Ноокат райондук билим берүү бөлүмү билдиргендей, спартакиадада Ноокат районунун командасы биринчи орунга ээ болду.
Сынак республикалык турга чейин Ноокат районунун окуучулары облустук турда жеңүүчү болгон. Ноокат районунун окуучуларынан түзүлгөн команда райондогу Борбаш, Көк-Жар инновациялык мектеби, Маданият, Т.Кулатов, Тажибай, Ысмайыл жана С.Токторов атындагы орто мектептеринин окуучуларынан куралып, Бишкекте областтык команда катары катышты.
Кароо сынактын жобосуна ылайык турникке тартынуу, чуркоо, граната ыргытуу, автоматты чачып куроо, катарда жүрүү техникасы сыяктуу бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыга чыгып, жыйынтыгында республикада биринчи орунга ээ болду. Сынакка катышкан 11 окуучуга уюштуруучулар тарабынан атайын медалдар, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Респубоикасынын Билими берүү жана илим министрликтеринин I даражадагы дипломдору, атайын символикалуу кубок, ошондой эле баш байге болуп саналган пневматикалык табелдик куралы тапшырылды.
Команданы Бишкек шаарына Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу К.Кубатов жетектеп барган.