Эки айдан бери Баткен облусундагы Бозадыр—Баткен жолунда жамоо иштери бүтпөй жатат. Бул тууралуу окурман билдирди.
«Ушундан улам Баткен облусунун Кара-Булак, Айгүлташ, Бозадыр, Дайра айыл өкмөтторүнүн онго жакын айылы, Хайдаркен, Сырт сай жыйырмага жакын айылдын эли кыйынчылыкта калды», - дейт окурман.