Дастанчы Э.Окушов комузда кол ойнотуп, чыгармачылык менен алектенип келет

turmush
Скачать
Просмотров: 162
 
Опубликовано 22 Апреля 2019, 18:22

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын 14 жаштагы тургуну Элдос Окушов комузда кол ойнотуп, элдик дастандарды ырдап келет. Ал Токмок шаарында өткөн таланттуулар таймашында 1-орунга жеңип, «Сары-Өзөн чолпондору» сынагында «Эң мыкты дастанчы» номинациясына ээ болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
«Чыгармачылык менен 3 жылдан бери алектенип келе жатам. Көбүнчө элдик обондорго лирикалык жанрга, дастанга жакынмын.
Токмок шаарыбызда өткөн таланттуулар таймашында 1-орунга жетип, «Сары-Өзөн чолпондору» сынагында «Эң мыкты дастанчы» номинациясына ээ болгом. Мындан сырткары бир топ сынактарга, майрамдык иш-чарларга катышып, ардак баракчалар менен сыйланып жүрөм.
Бош убактымда китеп окуганды, музыка укканды жакшы көрөм. Келечекте Кыргызстандын даңкын чет жакка чыгарган ырчы, комузчу болгум келет», - деди ал.
Элдос Окушов, 2005-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу жана эгиздин түгөйү.
«Атам Жаныбек Окушов дыйкан чарба менен алектенет. Апам Аида Кудайбергенова үй кожейкеси. Мен Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинин 8-классында окуйм», - деди ал.