Алтын балыктар, сүйлөгөн канаттуулар: Таластагы ишкерлик

turmush
Скачать
Просмотров: 602
 
Опубликовано 22 Апреля 2019, 17:46

Талас шаарынын 44 жаштагы тургуну Айзада Молдобекова 10 жылдан бери аквариумда багылуучу балыктарды сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн.

«Балыктарды, тотукуштарды Таласка алып келип сатып жатканыбызга 10 жылдан ашты. Балыктар 50 сомдон 600 сомго чейин бааланат. Алтын балык деп аталган балыктар муздак сууга деле багыла берет. Алар адамдардан коркпойт. Башка аквариумда багылган балыктар үркүп качышса, алтын балыктар тамак берет экен деп колуңа сүзүп келишет (күлүп). Башка балыктарды атайын жылуулук берүүчү аппараттар менен багабыз. Азыркы учурда балыктын 20 түрү бар. Балыктарды атайын сатып келип көбөйтөбүз. Кээ бирлерин алып келинген боюнча сатабыз. Талас боюнча тотукуш, балык, ташбака саткан дүкөн биздики эле бар. Ошондуктан көпчүлүк бизден келип алып келишет. Эл «кантип баксак?» деп да сурап кетишет. Балыктан жакшы эле киреше түшөт.

Эл аябай кызыгып келип көрүшөт. Аквариум көрө электер көп. Үй шартында дагы алтын балыктарды кармайм. Балыктарга 1 күн тамак бербей койсо болот. Тирүү чабактарды тууй турган жана урук (икра) чача балыктар бар. Гуппи балыктар бир тууганда 20-30 чабакт тууйт. Чабактарын аквариумда чөптөрдүн арасында багабыз. Антпесек балыктар балдарын жеп коёт. Аквариумду Талас ичинде белек катары дагы көп алышат. Буларды көп тамактандыра берсең суусу кирдеп кетет. Балыктар көбүнчө тирүү жемди жакшы көрүшөт. Сөөлжандарды берсе атайын эт жегендей болуп бат чоңоюшат. Балык бакканда кызыктуу учурлар болуп турат. Биз башында жырткыч балыктарды бакканбыз. Аларды кээ бирөөлөрү көрүп, «бышырып жесе болобу?» деп сурашчу. Элдердин арасында ар кандай адамдар бар «ар кандай тилек кылсак алтын балыктар аткарабы?» деп да сурап калышат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле тотукуштар жөнүндө айтып берди.

«Тотукуштарды туулган күнгө белек кылып алып кетишет. Бизде тотукуштун «волнистый», корелла анан бөлүнбөс (неразлучник) деген 3 түрү багылат. Алардын арасында сүйлөгөндөрү дагы бар. Жаш тотукуштарды бирден кармап үйрөтсө 1-2 айда адамдардын сөзүн бат үйрөнүшө. Бөлүнбөстөрдү бири-биринен ажыратканга болбойт. Алардын баасы 600-2500 сомго чейин барат. Былтыр сүйлөгөн тотукуштарды 2500 сомдон сатканбыз. Буларды атайын Бишкектен алдыртабыз. Тотукуштар сууга бышырылган жумурткаларды, чөп-чарларды жешет. Буларга атайын тамак-аштары бар, ошолордон дагы беребиз. Ташбакалар эт, чөп жешет.

Буларга күндө эртен менен тамак беребиз. Багыла турган жерлерин тазалап, абаны бирдей температурада кармабаса биттеп кетишет. Ошондуктан таза кармайбыз. Сууларын күндө алмаштарып турабыз. Азырынча ушул эле жаныбарларды багып жатабыз. Буйруса булардын санын көбөйтөбүз деген пландар бар. Бирок кээ бир кардарлар атайын буйрутма кылып кетишет. Эң кызыгы бизге атайын балдарын алып келишип, аквариумдагы балыктар менен тотукуштарды көрсөтүп кетишет. Балдары зоопаркка келишкенсип сүйүнүп калышат», - деди ал.

Айзада айым 2 кыз, 2 баланын апасы.
Галерея: Алтын балыктар, сүйлөгөн канаттуулар: Таластагы ишкерлик