Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Шаршенбек уулу Бусурман эл аралык сынакта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекова билдирди.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунда «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагы өткөрүлүп, анда аталган мектептин окуучусу Шаршенбек уулу Бусурман тыйын санагыч аппарат жасаган. Жыйынтыгында 3-орунду ээлеп, III даражадагы диплом менен сыйланып, Улуттук илимдер академиясынын стипедиаты болду.