Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык М.Масырканов жаштарга үлгү берүүчү насаат ырлардын автору

turmush
Скачать
Просмотров: 407
 
Опубликовано 22 Апреля 2019, 10:03

Талас районунун Козучак айылынын 48 жаштагы тургуну Майрамбек Масырканов жаштарга үлгү берүүчү насаат ырлардын автору. Аймактагы кабарчы элеттеги акын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-теги, таяталары да куйкум сүйлөгөн, жамакчы, жомокчулар болушкан.

«Апам коңур үндүү ырчы, жомокчу, өз убагында ыр жазып жүргөн өнөрлүү аял болгон. Кайсыл ырды ырдабасын өзү сөздөрүн кошуп алчу. Бала ата-энени көрүп шыктанат эмеспи. Мен дагы бул өнөрдү өркүндөтүп алып кетпесем дагы эл ичинде кошмоктоп сүйлөй коюп, тамадалык дагы кылып калам. Алгач аскерде жүргөндө колума калем алып, барган каттарга ыр түрүндө жооп жаза баштадым. Туулуп өскөн айылыңдан, мекениңден алыс болгондо гана кадырын билет экенсиң. Ата-энеме, мекениме, кара көз карындаштарга арналган бир дептер ырымды аскерде жүргөндө жоготуп алгам. Азыр кайрадан ырларымды чогултуп китепке түшүрүп койсомбу деген ойлор бар.
Жаның кайгыдан кейип же кубанычтан сүйүнүп турган кезде ал сезимди сөзсүз барак бетине ыр кылып түшүрүүгө туура келет.
Биздин үй бүлөдөн агаларым эжелерим акыркы убакта улуу балам Аскар дагы анча-мынча ыр жазып, куюлуштура сүйлөп калышат. Жана айтып өткөндөй эле бул өнөр бизге эки тараптан берилген өнөр. Таластан чыккан көрүнүктүү акын Надырбек Алымбеков бир жагынан чоң таякем болсо, экинчи жагынан атамдын иниси болот.
Мен өзүм кудай жолунда жүргөн адам болгондуктан ырларымдын көбү насаат ырлар. Жаштарды туура жолго багыттаган, жараткды тааныта турган ырларды жазып, аны окуган уул-кыздарыбыз өздөрүнө жакшы үлгү алса экен деп максат коем», - деди ал.
Майрамбек акын жубайы Айнура айым экөө 3 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Апаке

Жетимиш тогуз жашында,
Оо дүйнө сапар тарттыңбы?
Этеги жок, жеңи жок,
Ак кепинди оронуп,
Караңгы жерге жаттыңбы?
Жалган дүйнө жок болуп,
Тиги дүйнө бар болсо ,
Айланайын апаке,
Жаннаттан жайың таптыңбы?
- - -
Ал жакка барып атама,
Кошулдуңбу апаке?
Жоолуктуруп кызыңды,
Жанына барып кайниңдин,
Созулдуңбу апаке?
Тиги дүйнө бейиши,
Бар болот бекен апаке?
Же барып келген киши жок,
Эки метр жериңиз
Тар болот бекен апаке?
- - -
Тооруган оору акыры ,
Алып тынды жаныңды.
Ажалга айла жок экен,
Жоктогон муңдуу сагыныч,
Кыйнап келет жанымды.
Сиз сыркоолоп жатканда,
Келин балдар, кыздарың,
Айыгып кетсин апам деп,
Кудайга абдан жалынды.
Тагдырга айла жок экен,
Төрдө отурган өзүн жок,
Балдарын сизди сагынды.
- - -
Сиз сыркоолоп жатканда,
Кайгыга жаның батканда.
Уусуна дарттын чыдабай,
Уйкусуз таңдар атканда,
«Албады ушул оору» деп
Жалынып жаратканыңа.
Шашылыш тамды бүтүрүп,
Той берүүгө ашыктым.
Мен кудайга ыраазы,
Жек-жаат, тууган олтуруп,
Ак тойго апа катыштың.
Батаңды берип ал тойдо.
Термелип сүйлөп муңайым,

Келгендин баарын жашыттың.
Ажал торуп өзүңдү,
Баарыбызды сыздатып,
Кагылайын апаке
Келбес жакка ашыктың.
- - -
Жетимиш кырын аштыңбы?
Сексендин жолун бастыңбы?
Токсонго чаап жете албай.
Томсоргон жерге жаттыңбы?
Буйругуна кудайдын,
Башыңды ийип апаке.
Жалган дешет бул дүйнө,
Чын дүйнөгө ашыгып,
Чын эле сапар тарттыңбы?
Арбак болуп жүрүшкөн
Атам, эжем, байкеме,
Айланайын апаке,
Айылдан салам айттыңбы?
Атамдын тартып азабын.
Эжемдин тартып кайгысын,
Коштошуп жалган дүйнөгө,
Аларды барып таптыңбы.
- - -
Чоң апам качан келет деп,
Каңырыкты түтөтүп,
Неберең издейт апаке.
Жок экенин билсе да,
Чоңойгондо келет деп,
Күдөрүн үзбөйт апаке.
Жер алдына бердик деп,
Аларга түз айтууга
Көңүлүм түтпөйт апаке.
Келбеген соң ал жактан,
Неберең менен чөбөрөң,
Көп жылдарды өткөрөр,
Үмүтүн үзөр апаке.
- - -
Тырмалаңдап кураган,
Шырдагың калды апаке.
Баарыбыз үчүн жан үрөп,
Кылганың калды апаке.
Сексенге чыга жашаган,
Жылдарың калды апаке.
Ырдасаң коңур мукамдуу,
Ырларың калды апаке.
Ушунун баарын улаган,
Оордаңда сиздин бул күндө
Ким калды эми апаке?
Мата чапан толтура,
Сандыгың калды апаке.
Жип-шууң менен ийигиң,
Кийим тиккен машинең,
Аларда сизди жоктошуп ,
Баардыгы калды апаке.
- - -
Айыгам деп оорудан,
Кай жакка апа барбадың?
Айыктырабыз деп сизди,
Көрүнгө доктур, табыпка,
Алып барып жүрдү балдарың.
Оорууга даба табылбай,
Барган жерден айыкпай,
Ичимде жүрөт арманым.
- - -
Дары-дармек бүт ичип,
Үмүтүң өчпөй зарладың.
Натыйжа чыкпай биринен,
Жашоонун чеги жеткен соң,
Боздотуп бизди боздотуп,
Кайрылбай кетип калганың.
Эми апаке кантейин?
Кайгырган балдар-кыздарды,
Колдоп бир жүрсүн арбагың.
- - -
Эстедим апа эстедим ,
Оозундан кетти кептериң.
Оргуштатып ыр жазган,
Барактары саргайып,
Сакталып турат дептериң.
Окуп алып ырыңды,
Өкүрүп бакырсам дагы,
Өзүңө апа жетпедим.
- - -
Кече эле жүргөнүң өзүң жок,
Арбак болуп калдыңбы?
Айыктырбай апамды,
Акыры кудай алдыңбы?
Кош айтып жалган дүйнөгө,
Тозогуна чалынбай,
Бейишке апа бардыңбы?
- - -
Канчалаган жаш-кары
Эстешип сизди кайгырды.
Куран окуйт сиз үчүн,
Артыңда калган балдарың.
Эскерип сизди келишет,
Жамаатын молдо чалдары.
Эскерген эли-журтуңа,
Апаке, ыраазы болсун арбагың.
- - -
Жаман менен жакшылык,
Бир жүрөт деген чын белем?
Жоготуп сизди олтурсак,
Кудай таалам жар болуп,
Жаралды таттуу неберең.
Каниет эттик ушуга,
Аллах Таалам кыз берди,
Неберең Ажар артынан
Айзирек аттуу кыз келди.
Оордуңузду толтурду,
Таппайбыз бирок сиздейди.
- - -
Сизди жоктоп томсоргон,
Кийимиң жыттайм апаке.
Жип-шууң менен оймогуң,
Ийигиң жыттайм апаке.
Баскан изиң таяган,
Таягың жыттайм апаке.
- - -
Төшөгүң менен шейшебиң,
Жаткан мында өзүң жок,
Эми эмнени жыттайм апаке?
Чай куйган чайнек, пиалаң,
Кашыгың жыттайм апаке.
Башың коюп жазданган,
Эми жаздыгың жыттайм апаке.
- - -
Ырымдын ушул соңу экен,
Кудайдын кылган шору экен.
Айыкпас оору жиберген,
Ажыдаардай оозунган,
Шум ажалдын тору экен.
Сексен жылды жашатып,
Жаратып кайра өзү алган.
Чоң кудай өзү зор экен.
Каниет кылар өзүңө,
Кантейин апа кантейин?
Курандан башка жок экен!
- - -
Каңырык түтөп сагынып,
Түн уйкумдан беземин.
Карааның жок калдайган,
Кайгырсак да айла жок,
Кагылып апа кетемин.
Кайышса да кабыргам,
- - -
Бар экен бири кем дүйнө.
Жараткан кайра өзү алды.
Кайрат кылбай кантемин,
Балдары үчүн опол тоо,
Ата менен эне экен.
Экөөнъ бирдей оп тарткан,
Кашайгыр катуу жер экен.