Москва районунда түн катып качкан 13 жаштагы кыздын окуясы чырга айланды 2

turmush
Скачать
Просмотров: 15767
 
Опубликовано 19 Апреля 2019, 11:29

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин 6-классынын окуучусу, 13 жаштагы Айгиза түнкү саат 03:00дө үйүнө качып барган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга апасы Мейилбүбү Токтогойчиева билдирди.
Анын айтымында, кызы жатак мектептен 10-мартта кечки саат 20:30дар чамасында качып чыккан. 11-мартта түнкү саат 03:00дө «Манас» аэропорт тараптагы Дача-СУнун тилкесиндеги үйүнө качып барган.