Кочкордогу мектеп окуучулары кыздарды эрте турмуш куруудан коргоо боюнча сынакта ат салышты

turmush
Скачать
Просмотров: 148
 
Опубликовано 19 Апреля 2019, 11:23

Кочкор районундагы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинде «Кыздар укуктарын колдойбуз, эрте турмуштан коргойбуз!» деген темада иш-чара улуттук компаниясынын мүчөсү Бактыгүл Өмүралиева билдирди.

Иш-чаранын алкагында сынак өтүп, ага райондун аймагындагы мектептерден тандалып алынган үчтөн окуучу (жалпы 18 окуучу) катышты. Ошондой эле мектептердин соцпедагогдору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары келишти. Калыстар тобунун курамына ар бир мектептен бирден адам кирди.

Иш-чаранын башында катышуучулар кыздар укугу боюнча тест тапшырышты. Командалар саламдашуу, ыр, күү, бий боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүп, кыздарды эрте турмушка чыгуусунан коргоо боюнча өздөрүнүн ойлорун плакатка тартып, түшүндүрүп беришти. Андан сырткары, жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусу боюнча көйгөйлөрдү ролдоштуруп аткарышты.