Ак-Талаада көкбөрүчү жигиттерге акчалай сыйлыктар ыйгарылып жана "Соң-Көл" командасына 180 миң сомдук тулпар сатып беришти

turmush
Скачать
Просмотров: 1001
 
Опубликовано 18 Апреля 2019, 17:46

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук бийлиги тарабынан 21-апрель Нооруз күнү республикалык көкбөрү мелдешинде 3-орунду камсыздаган "Соң-Көл" командасын сыйлоо аземи салтанаттуу белгиленди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, райондун тарыхында биринчи жолу көкбөрү оюну боюнча республикалык мелдешке катышкан Кызыл-Белес жана Тоголок Молдо айылдарынын көкбөрүчү жигиттеринен куралган "Соң-Көл" курама командасы республикалык мелдеште 3-орунду алып райондун эле эмес бүтүндөй Нарын облусунун намысын коргоп келишкен.
Бүгүн 18-апрель күнү аталган команданы сыйлоо аземи райондук маданият үйүндө салтанаттуу белгиленди. Көкбөрүчү жигиттерди район акими Нурбек Молдокадыров, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, акын Өмүрбек Дөлөев жана башкалар куттуктоолорун айтышты. Сыйлоо аземине мекеме-ишкана жетекчилери катышып, көкбөрүчүлөргө маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен "Соң-Көл" командасынын машыктыруучусу Чыңгыз Мукашов, Рысбек Аманбеков команданын оюнчусу, Кылыч Шергазиев команданын оюнчусу сыланса, ошондой эле ыраазычылык кат менен "Соң-Көл" командасы сыйланды.
Андан сырткары аталган командага акчалай колдоолор жана сыйлыктар ыйгарылды. Алсак, райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Руслан Алдеев 10 миң сом, учурда Дубайда жашаган Аида Турганалиева 100 АКШ акчасын берип жиберген болсо, ал эми райондук мекеме-ишканалар жалпы 30 миң сом каражат чогултуп беришкен. Ошондой эле Терек жана Үгүт айыл өкмөтү тарабынан 20 миң сом, райондук электр тармагы ишканасынын жетекчиси Таалайбек Турганбеков 7 миң сом тапшырган болсо, ишкер Төрөгелди Жузуев көкбөрүчү жигиттерди мейманкадан сый тамак берип сыйлады.
Эң кызыгы "Соң-Көл" командасына Кызыл-Белес айылдык бийлиги жана жергиликтүү тургундары тарабынан 180 миң сомдук тулпар тапшырылды. Бул 180 миң сомдун ичинен 120 миң сомун жалпы жергиликтүү тургундар чогултуп беришсе, айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүп берип тапшырышса, аыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев 10 миң сом каражат тапшырышты.
Салтанаттын соңунда ардагер Жайлообай Абдиев көкбөрүчү жигиттерге бата берди.