Сокулуктагы Г.Капарова мектебинде «Кош, алиппе!» майрамы өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 857
 
Опубликовано 18 Апреля 2019, 17:14

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Г.Капарова атындагы орто мектебинде «Кош, Алиппе!» аттуу майрамдык иш-чара өттү. Майрамды «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси, 1-класстын класс жетекчиси Гүлмира Токтосунова ачып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар коноктор менен амандашып, көркөм ырларды айтышты. Ошондой эле «Хандын кызы» жомогун аткарып, 36 тамганын ар бирине арналган ырларды айтып беришти. Андан сырткары, ыр-бийлер дагы орун алды.