Москва  районундагы Чоң-Арык айылында жол   чырактар орнотулуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 488
 
Опубликовано 15 Апреля 2019, 10:43

Чүй облусунун  Москва  районундагы  Ак-Суу   айыл  өкмөтүнө   караштуу  Чоң-Арык   айылынын   көчөлөрүн  жарыктандыруу   максатында   жол  чырактары   коюлууда. Бул   тууралу   айылдык     кеңештин   депутаты  Алтынбек  Мамбеталиев   кабарлады.

Анын  айтымында,  Чоң-Арык  айылында  300дөн  ашуун  үй-бүлөдө  800дөн  көбүрөөк   атуулдар  жашайт.
Айылда   Карыбек, Сыйдан, Медералы, Сыдыков  жана  Жумабай   көчөлөрү   жайгашкан.

Айыл  ичиндеги   көчөлөрдү  жарыктандыруу  жаштардын  демилгеси   менен башталып,  жергиликтүү   тургундардын   колдоосуна  ээ  болгон.  Алгач  Сыдыков көчөсүнөн  баштадык. Узундугу   2,5 чакырым болгон  көчөгө  бүгүнкү  күндө   жергиликтүү   жаштардын, жеке  ишкерлердин  демөөрчүлүгү   менен  40тан  ашык   жол   чырактары   коюлду. Жумущ  дагы   улантылып, учурда   Медералы   көчөсүн   жарыктандыруу  жумуштары   жүргүзүлүүдө. Ага  болжол  менен   20  даана    жол   чырагы  коюлат. Ал эми  бир  даана   жол  чырак  базар  баасында  2,5 миң   сомду  түзөт. Биз   аны   өзүбүз  сатып  келип   орнотуудабыз. Бирок, көйгөйлөр  жаралбай   койгон  жок. Электр   зымдары   тартылган  айрым  мамылар түз   сакталбай  туш  тарапка кыйшайып  турганы   жашоочуларга  коркунуч   туудурууда. Айыл  Өкмөтү  РЭТке  кайрылган.  Азырынча  тыянактуу  натыйжа  жок.