Баткенде айгүл гүлүнө арналган фестиваль өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 297
 
Опубликовано 12 Апреля 2019, 18:31

Кечээ, 11-апрелде Баткен шаарында айгүл гүлүнө арналган фестиваль башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, облус жетекчилиги тарабынан Баткенде туризм тармагын өнүктүрүүгө жана айгүл гүлүн даңазалоого багытталып уюштурулган фестивалдын салтанаттуу бөлүгү Баткен шаарында концерттик программа менен башталды. Ага жеке ишкерлердин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен эстрада жылдыздары да чакырылды. Ошондой эле жергиликтуу өнөрпоздордун да таланты тартууланды.

Саамалыктын экинчи бөлүгү бүгүн, 12-апрелде Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Тоодо улантылды. Анда А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма-театр тарабынан айгүлдүн чагылдырылган сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланып, концерттик программа менен коюлду. Ошондой эле Сүлүкү шаарынын кыздары менен Баткен шаарынын жигиттеринин ортосунда сармерден уюштурулду.