Кара-Бууранын Жийде айылында 54 млн сомдук мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 322
 
Опубликовано 25 Марта 2019, 11:04

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, ала биринчи Кара-Буура районунун Жийде айылындагы 5 жылдан бери курушул иштери бүтпөй турган 225 орунду мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектептин сметалык баасы 54 млн сомду түзгөн.

Д.Жумабеков мектептин курулуш иши узакка созулуп кеткенин айтып, быйылкы жылы бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Сентябрь айында курулуш иши толук бүтүп, окуучулар кирип калышы керек.

Спикер андан кийин Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу менен таанышты.