Баткендеги чиновник жумушсуздукту айткан айылдыктарга мамлекеттен насыя алып, ишкерлик кылууну сунуштады

turmush
Скачать
Просмотров: 221
 
Опубликовано 25 Марта 2019, 10:40

22-мартта Баткен облусунун жетекчилиги Абиш Халмурзаев Баткен районунун Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймагынын жашоочулары менен жолукту.

Маалым болгондой, аталган айылдардын тургундары жаңы конуштардагы электр энергиясы, таза суу, сугат суу маселелерин чечүү, Үч-Дөбө айылына типтүү мектеп, ФАП куруу зарылчылыгын билдиришти. Аны менен катар кошуна мамлекеттин айылдары менен чектеш жайгашкан Масеиттин-Жери жана Көк-Терек участкасынын окуучуларынын, мектепке баруудагы Тажикстан айылдарын аралап өтүүдө жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн окуучулардын коопсуздугун камсыздап берүүнү суранышты. Ошондой эле жаштарга жаңы жумуш орундарын түзүү керектигин айтышты.

Облус жетекчиси Аби Халмурзаев Үч-Дөбө айылына 225 орундуу, жалпы сметалык баасы 51 млн сомдук типтүү мектеп куруларын билдирди. Ошондой эле окуучулардын, кошуна айылдагы мектепке барып келүүдөгү коопсуздугун камсыздоо боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды. Ал эми айылдагы жумушсуздукту жоюу маселеси боюнча айыл жаштарына кайрылып, ишкердик кылууну каалагандарга мамлекет тарабынан берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды пайдаланып, чакан ишкердик менен алектенүүгө чакырды. Бул үчүн жергиликтүү бийлик бардык керек болгон колдоону көрсөтөөрүн кошумчалады.

Жыйындан соң ыйгарым укуктуу өкүл Үч-Дөбө айылындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алып, материалдык жардам көрсөттү. Ошондой эле 14 кожолугу, 90 жашоочусу бар, Тажикстанга жол боюнча көз каранды болгон, анклавта калган Көк-Терек участкасынын жашоочулары менен жолукту.