Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев учурда абал тынч экендигин кошумчалады.
«Ак-Сайдагы элге күндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эл туура түшүнүп жатат. Көк-Ташта дагы чыккан эл жок. Алардан барып кабар алып жатабыз. Абал туруктуу.
Ак-Сайдан Баткенге көчүрүлгөн балдардын абалдары жакшы. Медициналык жардамдар берилип жатат. Ооруканада жаткан балдардын абалдары жакшы», - деди ал.