Кемин районунун Карал-Дөбө айылындагы С.Кудайбергенов атындагы орто мектебинде 16-мартта Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Салам сага, санжыралуу Ноорузум!» аттуу райондук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын жана мугалимдердин аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер орун алды.