Чоң-Алайда райондук кесиптик кошуун менен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мугалимдер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү.
Иш-чаранын максаты — мугалимдердин ишмердүүлүгүн спорт менен айкалыштыруу же педагогдордун ден соолугуна кам көрүү, мугалимдер ортосунда достук мамилени чындоо.
Мелдешке 17 мектептен бирден аялдар жана бирден эркектер командалары катышты. Жеңүүчүлөргө Чоң-Алай райондук кесиптик кошуундун даярдаган кубогу, акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.