Чыгаша тартып жатабыз: Баткенде Россияга, Тажикстанга сатылган өрүктөрдүн баасы түшүп кетти (Шералы Мидинов)

turmush
Скачать
Просмотров: 1850
 
Опубликовано 18 Февраля 2019, 14:48

Баткен облусунда өрүк кактардын баасы түшүп кетти. Бул тууралуу өрүк сатуучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Бак айылы Тажикстандын Лаккан айылы менен чектешет. Бул айылда эки өлкөнүн айылдарынын жашоочулары жумасына бир жолу — бейшемби күнү базар уюштурушат. Тажик жарандары көбүнчө өрүк сатып алышат. Мурда өрүк кышында кымбат сатылчу. Быйыл анын баасы өрүк бышкан, жай мезгилиндегидей арзан болууда.

Өрүк сатып алуучулардын бири Фатима айымдын айтымында, сатылып алынган өрүктөрдү Тажикстандын Исфара районундагы өрүктү кайра иштетүүчү заводго жана Россияга жөнөтөт.

«Мен бүгүн 400 кг жакын өрүк сатып алдым. Алардын баасы 10 сомдон, 200 сомго чейин. Эң ылдыйкы сорттогуларды Исфарадагы сок, компот чыгаруучу заводго, ал эми жакшыларын Россияга жөнөтөм. Бул жакка келип, соода-сатык кылууда тоскоолдуктар жок. Үй-бүлөбүзгө киреше ушул соода-сатыктан түшөт», - деди ал.

Ал эми Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Сайпидин Бакаев базарга 2 тоннага жакын өрүк алып келген.

«Бул өрүктөрдү багбандардан 1 кг 220 сомдон алгам. Өрүктүн баалары түшүп кетти. Бүгүн тажик туугандарга карызга 1 кг 210 сомдон саттым. Мындайча айтканда чыгаша болду. Арзанга сатууга муктажмын. Сактап тура берсем, баа түшүп кетсе мындан да көп чыгаша тартпайын деп саттым. Азыр алар 400-500 кг жакын өрүктү сатып алышты. Акчасын бир жумадан кийин алам. Аларды мен жакшы тааныбайм, бирок базарларда бири-бирибизди көрүп турабыз. Өрүк арзан, кардар жок болгондуктан карызга бергенге да аргасыз болдум», - деди ал.

Багбандардын бири Курбанбек Байтемировдун 250-300 сомдон сатылуучу өрүгүн 200 сомго баалашты.

«Менин үлүш жеримде 40-50 түп өрүк багым бар. Быйыл 400-500кг жакын өрүк кургаттым. Азыр базарга алып чыксам арзан баалашты. Сатпай кармап турам. Баасы дагы көтөрүлүп калар деп жатам», - деди ал.