Кочкордун тургуну У.Боромбаев жыгач тилген станокту колго жасады

turmush
Скачать
Просмотров: 708
 
Опубликовано 17 Февраля 2019, 15:59

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Саз айылынын тургуну Уран Боромбаев жыгач тилүүчү станокту колго жасады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

19 жаштагы Уран Боромбаев айылдыктардын көйгөйүн чечүү максатында жыгач тилүүчү станокту (пилларам) колго жасап орноткон.

“Кош-Дөбө айыл аймагы Кара-Саз, Кара-Күңгөй деген эки айылдан турат. Райондун борборунан 15 чакырым алыстыкта. Мурда союз учурунда пилларам болгон экен. Союз тараганда ал таланып жоголуптур. Мен аны көргөн жокмун. Ошондон бери эки айылдын тургундары жыгач тилдирүү үчүн 7 чакырым алыстыктагы Кара-Суу айылына унаа жалдап барышчу. Өткөн жылы айылдын көчөлөрүнө жыгач тосмолорду жасаттуу үчүн Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев Кочкордон Россия өндүрүшүнөн чыккан жыгач станогу бар жигиттерди чакырткан. Аларга жардам берип жүрүп, станокту карап олтуруп “эмнеге колго жасап алууга болбосун” деген ойго келдим. Анын ары жагын бери жагын ченеп, чиймесин чийип калгам. Акыры ишке белсенип кириштим. Аракетимди көргөн айыл тургундары да колдоого алып, кээ бир шаймандарын беришип олтуруп, темирлерди ширетип, эки ай дегенде жасап чыктым. Бүгүн ишке киргизип сыноодон өткөрдүм. Буюрса, өзүңүз көрүп тургандай жакшы иштеп жатат. Араасы гана эски болуп турат. Бир аз иштетсек жаңы араа таксак мындан да мыкты болот. Эми эки айылдын тургундары жыгач тилдирүү үчүн убара болуп башка айылдарга барышпайт”, - деди Уран Боромбаев.

Ал Россия өндүрүшүнөн чыккан жыгач тилүүчү станокту дал өзүндөй кылып жасап чыккан. Комбайндын моторун колдонгон. Аны жасап чыгууда 50 000 сом акча сарптаган. Бул аспап жыгачтын бардык түрлөрүн, каалаган өлчөмдө тилүүгө жарамдуу. Анын жыгач тилүүчү станогун орнотуу үчүн Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев атайын мурунку авто гараждын ичинен жай бөлүп берген.

“Мурда коңшу айылда теректердин кубун 1500 сомго тилип беришчү. Өткөн жылкы станок да ушул баада тилишкен. Азыр кызмат көрсөтүүгө баа коюла элек. Арзаныраак эле баа койсок деген оюбуз бар”, - деди ал.

Уран Боромбаев 1988-жылы туулган. Азырынча үйлөнө элек. Беш бир туугандын экинчиси. Атасы Дүйшөмбү Боронбаев союз учурунда колхоздо мал багып эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда.