15-февралда Талас районундагы айылдар арасында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мамбеталиев Кожоке атанын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, 8 команда катышкан мелдеш жаштардын ынтымагын чыңдоо максатында уюштурулган. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жыйынтык:
- 1- орун — Талас шаарынан келген командасы;
- 2- орун — Кара-Суу айылынын командасы;
- 3-орун — Арал айылынын командасы.