Ноокатта 2 чөө атылды

turmush
Скачать
Просмотров: 1289
 
Опубликовано 16 Февраля 2019, 10:30

14-февралда Ноокат районунун Үч-Бай айылында мал-жандыктарга кол салган 2 чөө атылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Гүлжигит Амиракулов билдирди.

Анын айтымында, акыркы мезгилде бардык эле аймактарда күндүн сууктугуна байланыштуу карышкырлар жана чөөлөр айылдарга түшүп, короодогу малга кол салууда.
«Буга байланыштуу ар бир аймакта атайын мергенчилер тобу түзүлүп, аларды атуу иштери жүргүзүлүп жатат.  Үч-Бай айылынан 3 жигит болуп айылдын четиндеги сайдан 2 чөө атып келдик. Ноокаттын Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Кыркоол айылында жылкы, кой, эчкилерди короодон карышкырлар жеп кетип жатат. Анын таасири биздин айылга тийип жатат»,- деди Амиракулов.