Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылында кичинекей бөбөктөргө «Манас» эпосу туурасында ачык сабак өтүлдү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Нуржан Чотурова билдирди.
Маалым болгондой, Кызыл-Белес айылындагы «Кадыраалы» бала бакчасынын тарбиячысы Айзат Байсабаева көркөм адабият боюнча «Манас баатыр» тууралуу ачык сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө Манас баатырдын төрөлүшү, эрдиктери, балалык чагы жана башкалар боюнча айтып берди. Ошондой эле сабакта кийизден жасалган окуу куралдарды колдонуп, бөбөктөрдүн кызыгуусун арттырды.