Баетовдогу бала бакчанын бөбөктөрү ата-энелери менен бирге кышкы спорттук мелдешке түшүштү

turmush
Скачать
Просмотров: 478
 
Опубликовано 15 Февраля 2019, 12:11

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы «Тынчтык» балдар бакчасынын бөбөктөрү ата-энелери менен бирге кышкы спорттук мелдешке түшүштү. Бул тууралуу бала бакчанын методисти Осипа Муратжанова билдирди.

Маалым болгондой, «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» программасынын алкагында «Атам, апам жана мен — биз спорттук үй-бүлө» аттуу кышкы спорттук мелдешке бала бакчанын кичинекей бөбөктөрү жана алардын ата-энелери катышты. Алар командаларга бөлүнүп алышып, кызыктуу оюн куруп беришти.

Мелдештин соңунда 1-орунду «Ак шумкар» командасы, 2-орунду «Бурганак» командасы ээлеп, жеңүүчүлөргө бала бакча тарабынан баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылды.