Жаш талант: «Көчөдө да бийлеп кетем», - Аруна

turmush
Скачать
Просмотров: 496
 
Опубликовано 15 Февраля 2019, 10:22

8 жаштагы Аруна Өскөнбаева Чүй облусунун Кара Балта шаарынын 5-мектебинин 2-классынын окуучусу. 3 бир туугандын кенжеси. Атасы Муратбек менен апасы Советкандын эрке кызы. Алар жумуштан келген соң ,"Бийчи кызым Аруна, заматта кеттим сагына " дешип, саамайынан сылап, бетинен өөп, эркелетип кумарын, чарчоосун жазышат. Ал да балеринадай бутунун учу менен тура калып," Бүгүн сабактан "5" деген баа алдым!"-деп,кубана колдорун чабат.
Анын балалык дүйнөсү, бийге болгон ышкыбоздугу, өнөр өлкөсүнө болгон алгачкы кадамдары менен аймактык кабарчы таанышты.
Ал 4 жашынан бийге машыга баштаган. Көп улуттун, өзгөчө кыргыз бийлерин өтө берилүү менен аткарат.
"Өзүмчө эле бийлегим келе берет. Жөн эле басып бара жатып да кээде бийлеп кетем. Телевизордон жаш балдардын бийлеп жатканын көргөндө кыялымда аларга аралаша түшөм. Келечекте бийчи болсомбу дейм.Кээде апамдай мугалим болгум да келет. Ал Кара Балтадагы медициналык колледжде эмгектенет. Атам "Негизи- адам бол, кызым"-деп коёт.Ага мен түшүнүп, түшүнбөй жүрөм. Жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы мектебибизде сонун өттү ,байке. Залдан " Канткенде адам уулу Адам болот"- деген жазууну окудум. Аны Ч. Айтматов айткан да. Анан бийлеп, жакшы окуп , адам болгум келди. Математика сабагына кызыгам.Эжейибиз Элзада Эркинбековна сабак өткөндө суроолоруна жооп берип, улам кол көтөрө берем. Кээде доскага чуркап барып , жазгым да келип кетет. Ошондо да буттарым бийлеп турат.Эгер класстагы жымжырттыкты бузган үн чыкса, эжей дароо мени карайт. Бийчи Арунанын буту жөн турбайт эле деп ойлойт окшойт. Башымды чайкап, мен эмес экендигимди түшүндүрөм. Анан эжей доскадагы жазуусун улай берет. Ошондо полдон бутумду көтөрүп, үн чыгарбай бийлетип коём. -дейт кичинекей бийчи.
Апасы Советкан Анарбековна кызынын зиректигин, сергектигин , көңүлүнүн куунактыгын, дилгирлигин суктануу менен сөз кылат.Сүрөт тартуу чеберчилигин да белгилейт.Кичинесинде бала бакчадан көп нерселерди үйрөнгөндүгүн, көп тилди билүүгө кызыккандыгын ачыктайт.Үйдөгү кичинекей жардамчым. Өзү да" Мен эң кенжеңермин.Чоңойгондо атам экөөңөрдү багам, апа. Улуу эжелерим Астра менен Бекзада окуп жүрө беришсин "-деп, ой кемесин айдай албай калганына каткырып күлөт.
Үлгүлүү үй -бүлөнүн жашоосу ушундай, жөпжөнөкой.
Баласынын ошол сезимине сугарылып, үйдө бактылуу күндөрдүн бал тили, кубанычтуу күндөрдүн күмүш үндүү күүсү жаңырат.