Кечээ, 12-февралда Баткен шаарында № 30630 аскер бөлүгүнүн жоокерлери талаада машыгуу аракеттерин баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган аскер бөлүктүн капитаны Эрлан Сооронбаевдин айтымында, аскерлерди ар кандай жагдайга даяр болууга үйрөтүү үчүн уюштурулган машыгуу 1 жумага созулат. Бул жерде жатакана, медициналык пункт, ашкана, эс алуу бөлмөсү жана башка баардык шарттар түзүлүп, чатырлар тигилген. Чатырлар көмүр менен жылытылат. Кечээ кечинде аскерлер татаал кырдаалда унааларды, артиллериялык курал-жарактарды колдонуп, душмандарды жок кылуу көнүгүүсүн аткарышты.