Түгөйлөш: Садырбек кызы Нурзаада Кайрат Нуртаска окшоп тойлорго барганда аялдарын кызгангандар болот

turmush
Скачать
Просмотров: 5352
 
Опубликовано 13 Февраля 2019, 10:26

Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну Садырбек кызы Нурзаада 2 жылдан бери казакстандык ырчы Кайрат Нуртаска окшош болуп, анын ырларын аткарууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кайрат Нуртасты туурап калышына таята менен таенесинин мааракеси себеп болгон.

«Мен эл алдында 2 жылдан бери Кайрат Нуртастын образын жаратып чыгып жатам. Бул образды жаратып калышым капыстан болгон. Өзүмдүн дагы бир аз окшош жактарым бар болчу. Баары «окшошсуңар, ырдап көрбөйсүңбү» деп айтышчу. Анан бир-эки жолу чакан тойго чыгып ырдап кеттим. Бул образды жаратууда кыйынчылыктар болот. Мисалы үнүбүздү, кыймыл-аракеттерибизди, жүрүм-турум, мимикаларыбызды окшоштуруу кыйынчылык туудурат.

Биринчи таенем менен таятамдын 65 жана 75 жаштарын Манас районунун Покровка айылындагы бир тойканага тосконбуз. Тойдо эжем менен жеңем менин бул образды жаратышыма себепкер болгон. Жеңем мага «Кайрат Нуртаска аябай окшошсуң, чыгып көрбөйсүңбү» деп көп айтар эле. Тойдо да «чыгып көрө бер, таене, таятага сюрприз кылабыз» деп көндүрүшкөн. Анын үстүнө апамдын дагы казак туугандары бар болчу. Анан мен образды жаратып чыкканда бардыгы үчүн таң калыштуу нерсе болгон. Тамадалар көрдү, эл көрдү анан интернетке чыга баштадым. Ошентип тамадалардан сунуштар түшүп, иштешип баштадым.

Кудайга шүгүр, кайсы гана тойго барбайын жаман, негатив, өкүнүп калчу, маанай түшүрчү нерселерди уга элекмин. Кээде аялын кызгандар болот (күлүп). «Өзүнчө Кайрат Нуртасың го» дегендер кездешет. Эгер Кайрат Нуртас менен жолугуп, дует ырдап калсам чоң сыймык болмок. Эгер ошондой сунуштар болсо мен баш тартпастан макул болмокмун. Анткени өзүм Кайрат Нуртастын ырларын, үнүн жактырам. Мен образды жаратып, үнүмдү дагы жасап ырдайм. Бул убакытка чейин фонограмма кылып, тойдо оозумду кыймылдатып ырдаган күнүм болгон эмес. Мен сөзсүз өзүмдүн дагы үнүмдү кошуп ырдайм», - деди ал.

Каарманыбыз учурда чыгармачылыктан тышкары чачтарач болуп эмгектенет.

«Мен өзү балдардын чачын кыркып иштейм. Таластагы салондордун биринде жана Москвадагы салондордо да иштейм. Москвада иштеп жүргөндө да тамадалардын чакыруучу менен тойлорго катышып жүрдүм. Ал жактан эл таң калуу менен жакшы кабыл алды», - деди ал.

Нурзаада-Кайрат Нуртаc үй-бүлөөдө 4 бир тууган.