Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Турсункуловдун төө буурчак иштеткен ишканасында ондогон адамдар иштеп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 22
 
Опубликовано 12 Февраля 2019, 09:52

Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Абдымалик Турсункулов 2 жылдан бери төө буурчак сорттоочу ишкана иштетип жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, ишканага керектүү нерселерди атайын буйрутма Түркиядан алдырткан.

«Бул жерге ишемби, жекшемби күндөргө чейин 20дан ашык адам иштешет. Ишемби, жекшемби күндөрү ата-энелер балдарын алып келип 40ка жакын жумушчу иштейт. Айыл элин иш менен камсыздадым. Саат 8:30дон 18:00го чейин иштешет. Көк-Сайдын башынан, этегине чейин атайын унаа барып, жумушчуларды ташып алып келет. Кайра үйлөрүнө жеткирип коёт. Бул ишканада атайын балдар электен чыккан төө буурчакты ташып, сорттогондорго алып барып төгүп беришет. Анан кайра тазасын алып жыйнап коюшат. Айлыгын иштегендерине жараша төлөп берем. Килограмына 1 сом 20 тыйындан төлөп берем. Ар ким өзүнчө сорттошот. Ташыган балдарга кабына 30 сомдон төлөп берем.
Төө буурчакты негизинен өзүм көп айдайм. Бирде баа түшүп кетет, бирде көтөрүлүп килограммына 1-2 сом пайда көрүп калам.
Ишкананын иштеп жатканына 2 жыл болду. Жумушчуларга шарт түзүлгөн. 20-25 градус суукта деле ичинде отуруп иштей беришет», - деди ал.

Ишканадагы жумушчулардын Мира Урсемова бул жерде иштеп жатканына 2 жыл болгондугун билдирди.
Күнүнө 800-1000 сомдон маяна алат. Мира айым 6 баланын жалгыз бой энеси.

Ал эми 28 жаштагы Асылбек уулу Кубанычбек ишканада 4 айдан бери төө буурчак ташып эмгектенүүдө.
«Төө буурчак ташып берип иштейбиз. Сорттоп жаткандарга төө буурчакты төгүп берип, кайра стандарт кылып жыйнап коёбуз. «КамАЗ» келсе салып берип жөнөтөбүз. Саат 8:00дон 18:00го чейин иштейбиз. Айлыгыбыз иштегенибизге жараша төлөнөт. Айына 30 миң сом алабыз. Ишкана ачылганы бизге жакшы болду. Көп деген адамдар иш менен камсыз болду», - деди ал.