Бүгүн, 8-февралда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылын тургундары малга кол салган карышкырды тузак менен тирүүлөй кармашты. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, бул карышкыр 1 койду жеп кеткен. Алар алгач карышкырлар малга кол салып жеген жерин табышкан. Андан кийин карышкыр жеген койдун калдыгы бар жерге тузак коюшкан. Андан кийин тузакка карышкыр түшүп, аны тирүү кармашкан.