43 бала бир күндө каза болгон күн: Таласта интернатта болгон каргаша эскерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 36319
 
Опубликовано 5 Февраля 2019, 08:29

Кечээ, 4-февралда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында «Интернат 1969» аталышындагы иш чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Кара-Буура районунун акиминин орун басары Салкын Карбозованын айтымында, бул иш-чара 1969-жылы 4-февралда Киров мектеп интернатындагы окуяга арналып уюштурулду. Анда аталган интернеттан өрт чыгып, 43 балдар кыздардын өмүрү кыйылган. Бул интернатта алыскы аймактагы малчылардын балдары окуган. Бул окуяга 50 жыл толгондо эстелик орнотуу демилгеси менен уюштуруу тобу түзүлдү.