Катуу бороондон улам жабылган Сары-Таш—Кызыл-Арт—Мургаб унаа жолу 15 күндөн кийин ачылды. Бул тууралуу айдоочулар аймактык кабарчыга билдиришти.
Бор-Дөбө—Кызыл-Арт жолу бороондон улам жабылып калган. 15 күн бою жол тазаланганына карабай, каттуу бороон жолду кайра эле жаап салып жаткан.
Ал эми Алай райондук №960 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Медет Маткасымовдун айтымында, жол бүгүн, 22-январь күнү ачылды.
«Биздин ишкана Бор-Дөбөгө чейинки жолду тазалайт. Кечээ, 21-январь күнү Тажикстан тараптан Бор-Дөбөгө чейинки жолду тазалап келишти. Биз Сары-Таштан Бөр-Дөбөгө чейинки жолду 3 күндө ачтык. Буга чейин тазалоо болгонуна карабай бороон жолду жаап коюп жаткан. Учурда жол ачык», - деди ал.
Ал эми айдоочулардын айтымында, учурда Ош шаарынан 15 унаа Тажикстанды көздөй жөнөп кетти.