Акталаалык спортчулар жаңы курулган футбол аянтын ачып бербей коюшканын нааразы болушту

turmush
Скачать
Просмотров: 381
 
Опубликовано 21 Января 2019, 15:12

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда спортчулары жаңы ачылып, пайдаланууга берилген футбол аянтчасын айыл өкмөт башчысы ачып бербей койгонуна нааразы болушту. Бул туурасында спортчу Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, жыл сайын "Шерине" аталыштагы спорттун көкбөрү, күрөш жана футбол боюнча айыл аймактар аралык мелдеш өтүп келет.
Кечээ, 18-январь күнү "Шерине" мелдешинин футбол түрү боюнча мелдеш Терек айылында өтүп, ага 11 айылдан келишкен командалар катышкан.
Анда, 2 млн 400 миң сомго курулуп, пайдаланууга берилген жаңы футбол аянтчасы турганына карабай спортчулар мектептин ачык аянтында мелдеш өткөрүлгөнүнө, жаңы салынган аянтчаны бекитип бербей коюшкандыгын, мелдештин ачылыш аземине район жетекчилери чакырылганы менен бири дагы басып барбай, колдоого албай коюшкандыгын, мелдеш кеч бүтүп оюнчулар жарыгы жок караңгыда ойношкондугун (жаңы курулган аянтта электр жарыгы бар) айтып нааразы болушту. Атургай, жеңүүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан берилген дипломдору А4 форматындагы жөнөкөй ак кагазга жазып коюшкандыгын дагы кошумчалашты.
Ал эми Терек айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков аянтча кыш мезгилинде ойногонго болбой тургандыгын билдирди.
"Футбол аянтчасы айыл өкмөттүн балансында. Буга чейин бир нече жолу оюндар өткөрүлдү. Кечээ "Шеринеге" аянтчаны бекитип алып бербей койду дегенге кошулбайм. Туура. Бирок, учурда аянтчада кар жатат. Карды күрөгөндө килемченин пылдары үзүлүп кетет экен. Анын үстүнө ушул тапта күн суук болгондуктан килем төшөлмөсү тоңуп турат. Күч келсе айрылып, сынып кетет. Куруп алган аянтчабызды аяп колдонолу да. Кыш мезгилинде ойногонго болбойт. Бул жайкы футбол аянтчасы. Кудай буюрса күн жылыганда айылдар аралык чоң мелдеш өткөрөбүз" - деди айыл өкмөт башчысы.