Токмоктогу бир жол чырак туура эмес иштеп, айдоочулар жөн жерден айып пул төлөп жатышат, - жашоочулар

turmush
Скачать
Просмотров: 97
 
Опубликовано 21 Января 2019, 11:43

Токмок шаарынын Пушкин жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жол чырак туура эмес иштегендиктен айдоочулар жөн жерден айып пул төлөп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, жол чырактын сары түстөгү белгиси алдын ала белги бербей дароо күйүп жана өчүп, айдоочуларга ыңгайсыз абалды жаратууда.
«Сары түстөгү белги дароо күйүп жана өчүп, кийинки белгиге өтүп жатат. Кесилиш жолдо чуңкур бар. Айдоочулар жашыл күйөрү менен тез өтүүгө мүмкүн эмес. Мэриядан бул көйгөйдү чечип берүүлөрүн өтүнөбүз», - деди алар.
Ал эми Токмок шаардык мэриясы атайын адистер бул маселени чечүү үчүн аталган жерге барышканын билдиришти.