Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө жалпы баасы 4 млн 645 миң сомду түзгөн тракторлор алынды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жайыт комитетинин жетекчиси Султан Коймуратов билдирди.
Анын айтымында, аларга кеткен каражаттын 3 млн 483 миң 750 сому АРИСТен, 1 млн 162 миң сому эл тарабынан каржыланган. Техникалар жайыт комитетинин балансына жаз айларында өткөрүлүп берилет.
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө 11792 гектар жайыт жер бар.