Чыгармачылыкка 5 жашында аралашкан Айгерим Кайрат Нуртас менен дует ырдаган

turmush
Скачать
Просмотров: 401
 
Опубликовано 19 Января 2019, 13:48

Чүйдөгү Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын 10 жаштагы тургуну Айгерим Айтиева 5 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет. Ал казакстандык ,елгилүү ырчы Кайрат Нуртас менен дуэт ырдаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Айгерим учурда аталган айылдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 мектепте 3-класста окуп жатат. Ал комуз чертүүнү да өздөштүрүүдө.

«Чыгармачылыкка 5 жашымдан баштап аралыштым. Таенем ырдаганды үйрөтөт. Эми комуз черткенди да үйрөтүп жатат. Ал эми ата-энемдин жеке курчак театры бар. Алгач ошол театрда мультфильмдеги Машанын ролун аткарып чыккам. Ошондой эле аарынын, сыйкырчы Диванын жана башка ролдорду аткардым. Театрдын 3 жылдыгына карата чоң концерт уюштуруп, Ош жана Жалал-Абадда өткөргөнбүз. Концертке Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртасты да чакырганбыз. Кайрат байке менен «Алматынын түндөрү» ырын дуэт ырдагам. Ошондо алгачкы жолу эң чоң стадиондо 8000 миңдей көрүүчүнүн алдында ырдагам. Ал учурда 7 жашта болчумун. Эл алдына чыгып, тушоом кесилди десем жаңылышпайм. Сахналаш ырчы байке-эжелеримди биринчи көргөндө аябай кубангам», - деди ал.