Баткендин Достук айылындагы чек арачыларга батирлер берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 455
 
Опубликовано 10 Января 2019, 15:11

Бүгүн, 10-январда Баткен районунун Достук айылындагы чек ара заставасындагы чек арачыларга батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.
Бул жерде 2 жылдан бери иштеп келе жаткан Ядгарбек Алдоозов батир алып, үй-бүлөсү менен кубанычка бөлөндү. Жубайы экөө 1 уулдун ата-энеси. Үйдүн ачкычын Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев тапшырды.

«Менин бул жакта иштегениме 2 жыл болду. Бул жакта жашоо шарт дагы кыйын. Үй-бүлөм менен элдин үйлөрүн ижарага алып жашап келдим. Үй-бүлөң тынч болсо көңүлүң ток болуп, жумушуңду да жакшы аткарасың», - деди ал.
Достук айылы Тажикстандын айылдары менен чектешет.